Кабул — Исламабад чыры: Пакистан Афганстандын 19 чек ара пунктун басып алды

Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Ортодо чыккан чырдан улам Пакистан Афганстандын чек арадагы 19 пунктун басып алганын Geo телеканалына таянуу менен РИА Новости жазды.
Маалыматта Афганстан бул пунктуларды Пакистанга чабуул коюуга пайдаланганы болжолдонгон.

Чек арадагы кырдаалдын курчушу

Ишемби күнү Афганстандын Коргоо министрлиги Пакистанга каршы операциясы ийгиликтүү аяктаганын жар салган.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, бейшемби күнү Исламабаддын учкучсуз аппараты пакистандык талибдердин башчысы Кабулда Нур Вали Мехсуд жана анын мураскерлери бара жатат деген сооттолгон жолтандабаска сокку урган. Мындан тышкары, Пакистандын Аскер-аба күчтөрү жумага караган түнү Афганстандын чыгышында жайгашкан Пактика провинциясына чабуул жасаган.
Талибдер өз кезегинде Афганстандын аймагына сокку уруу үчүн пайдаланылчу учкучсуз аппараттар турган объектилерге кол салганын айтышкан. Чабуул Пакистандагы "Ислам мамлекети"* тобу менен байланышкан айрым объектилерге да жасалганы белгиленди.
Кагылышуудан 12 пакистандык аскер кызматкери каза тапканы, дагы кеминде эки киши жаракат алганы кабарланган. Мындан тышкары, Кандагар провинциясында беш жоокер талибдерге багынып берген.
Кабул өз аймагына жасалган чабуулду сынга алып, аны кол салуу жана суверенитетке доо кетирүү деп атады.
* — Россияда, Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук топ
Россия Афганстанга аскердик инфраструктура жайгаштырууга каршы