БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Дүйшөмбүдө айрым тоолуу райондордо жаан жаап, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө 12…17, Талас өрөөнүндө 16…21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 19…24, Ысык-Көл жеринде 13...18, Нарында 12…17 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 14…16, Ош шаарында 21…23 градусту көрсөтөт.