БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктар экологиялык таза жылуулук системасын орнотууга бир миллион сомго чейин жеңилдетилген насыя ала алышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын "Абаны тазартуу" долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйынында белгилүү болду.
Иш-чара Финансы министрлиги менен Дүйнөлүк банктын колдоосу менен өткөн.
Финансы министрлигинин долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Бермет Мусакожоева демилгенин максаты жана аны каржылоонун механизмдери боюнча маалымат берди.
Долбоордун экинчи компонентинин алкагында жеңилдетилген насыя берүү каралган. Ага ылайык:
экологиялык жактан таза жылытуу системасын ала турган чарбалар үчүн — 1 миллион сомго чейин;
тийиштүү жабдуу ташый тургандар үчүн 5 миллион сомго чейин насыя берилмекчи.
Каржылоо "Айыл банк", "Элдик банк" жана "Бакай банк" аркылуу жүргүзүлөт.
Жыйын катышуучулары "таза" технологияга өтүү, энергетикалык майнаптуулукту арттыруу, долбоорду маалыматтык коштоо жана ортодогу координацияны бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорду өз убагында ишке берүү үчүн бийлик органдары менен эл аралык өнөктөштөрдүн кызматташуусун ыкчамдатууну макулдашышты.