БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Ош шаарынын бюджетинде 5,7 миллиард сомдук мыйзам бузуу жана финансылык кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди.
КР Эсеп палатасы Ош шаарынын 2023-жылдагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүздү. Натыйжаларга ылайык, шаардык бюджеттин такталган көлөмү 3,2 миллиард сомду түздү, бирок киреше бөлүгү болгону 92,7 пайызга аткарылып, пландаштырылгандан 235,6 миллион сомго аз болгон. Айрыкча киреше салыгы жана ижара акысы боюнча көрсөткүчтөр төмөн болуп чыккан.
Чыгым бөлүгү да толугу менен аткарылган эмес жана болгону 91,8 пайызды түзгөн. Социалдык коргоо жана билим берүү тармактарындагы каражаттар толук көлөмдө пайдаланылган эмес.
"Аудиттин жүрүшүндө жалпысынан 5 миллиард 658,9 миллион сомдук мыйзам бузуу жана финансылык кемчиликтер аныкталды. Алардын ичинен 1 миллиард 952,6 миллион сом калыбына келтирилүүгө тийиш, бирок бүгүнкү күндө 31,2 миллион сом гана кайтарылган", — деп айтылат маалыматта.
"Негизги бузуулар бухгалтердик эсепке алууну жана отчеттуулукту так жүргүзбөө, сатып алуулар чөйрөсүндөгү кемчиликтер, мүлктү максатсыз пайдалануу жана 2,9 миллион сомдук товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги менен байланыштуу", — деди Эсеп палатасы.
Эсеп палатасынын кеңеши Ош шаарынын мэриясына жана тиешелүү органдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды жөнөттү. Текшерүү материалдары укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага дагы берилди.