Трамп: АКШ бажы алымынан 200 млрд. доллар пайда көрдү, 1 триллионго жеткиребиз

Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп One America News телеканалына маек куруп, бажы алымдарынан улам соода таңсыктыгы эки эсе кыскарганын айтты.
Өлкө башчысы АКШ бажы алымын алуудан 200 миллиард доллар пайда көргөнүн, эми аны бир триллионго жеткирүүнү көздөп жатканын белгилеген.
"Соода балансынын таңсыктыгы эки эсе кыскарды, бажы алымынан жүздөгөн миллиард доллар келип жатат. Буга менден башка эч ким ишенген эмес", — деди президент.

Трамптын бажы алымын киргизиши

Эскерте кетсек, жаз айларында Трамп сырттан келген товардын баарына 10 пайыздык базалык ставка киргизип, кийинчерээк айрым мамлекеттер жана товарлардын категориясы үчүн бажы алымын 20дан 50 пайызга чейин жогорулаткан. Андан соң ортодо сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 90 күндүк тыныгуу жарыялаган.
Августта 65 мамлекетке карата киргизилген бажы алымы күчүнө кирген. 39 өлкө жана Евробиримдиктен алынган товарга 15 пайыздык төлөм бекип, дагы 26 мамлекеттин продукциясына 18ден 41 пайызга чейинки тариф колдонулмай болгон.
Кытай менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Вашингтон Пекиндин товарына 30 пайыздык төлөм карады.
6-августта Трамп Россиядан мунай алганы үчүн Индияга 25 пайыздык пошлинанын үстүнө кошумча 25 пайыз кошкон.
Ошол эле айда өлкө башчысы соода пошлиналарынын мыйзамсыз экенин айткан АКШнын Апелляциялык сотун сынга алган болчу. Сот тариф саясатын жүргүзүү учурунда президент ыйгарым укуктарынан аша чапты деп тапкан.
Ал эми Трамп өзү бажы алымы америкалык жумушчулар менен компанияларды колдоонун "мыкты инструменти" экенин айтып келет.
Шатдаундан улам Трамп миңдеген мамлекеттик кызматкерди кыскартары айтылды