Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата эл аралык фестиваль башталды

Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов акын, котормочу жана драматург Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган “Алыкул – Ата Журттун акыны” эл аралык фестивалын ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекеттик катчы фестиваль кыргыз адабияты үчүн гана эмес, жалпы түрк дүйнөсү үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи.
“Алыкул Осмонов – улуттук поэзияны эл аралык деңгээлге чыгарган залкар акын. Анын мурасы – жаштар үчүн баалуу руханий жол көрсөткүч. Бүгүн бул жерде чогулган ар улуттун өкүлү – акындын чыгармачылыгы дүйнөлүк деңгээлде таанылгандыгынын айкын далили”, — деди Иманкулов.
Иш-чарага ошондой эле Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген акындар, жазуучулар жана илимий интеллигенция өкүлдөрү катышты.
Фестивалдын программасында поэзия кечелери, китеп көргөзмөлөрү, илимий конференциялар камтылган. Анын алкагында акындын лирикалык ырлары жана башка чыгармалары талкууланды.
Алыкул акындын "Мой дом" жыйнагына экинчи өмүр берилип, Москвада бет ачары өттү