Американын Аризона штатындагы резервуарлардын биринде өздөрүн “дене” деп атаган навахо уруусу жашайт. Доцент, филология илимдеринин кандидаты Салтанат Мамбаева Висконсин штатындагы университетте үч жыл иштеген. Ошол жылдары индейлердин навахо уруусуна кызыгуусу артып калат. Буга аталган уруунун кыргыз тилине окшогон сөздөрү себеп болот.
“Бир-эки эле сөздү айтып кетейин. "Аадай" деп айтышат да, бул бизче агай, аларда бул сөз апа тараптан тууган дегенди түшүндүрөт. Биздеги "аркамда турат", "арка" деген сөздү навахо тилинде "аакаы" дешет. Аркаы эмес, "р" деген тамга аларда жок экен. Кыргызча алакан эле дейбиз, аларда — алаасын. Эт: кыргызча — эт, аларда — этцы. Адистер деген сөздү алар "аадисти" деп айтышат. Мисалы, туугандарды акелер дейбиз да, аларда — "ааке", — деди маектешим.
Изилдөөчү тилден башка да бир топ окшоштуктарды байкаганын айтты. Мисалы, навахо эли да боз үйдө жашап, баланы бешикке бөлөгөн. Жүгөрүдөн бозо, жарма сыяктуу суусундуктарды жасашат. Оозеки чыгарма айтып, кадимкидей кой союшат.
Мамбаева изилдөөлөрдү жүргүзгөндөн бери 10 жылдан ашык убакыт өткөнүн, эми дагы барып изилдөөнү улантууну максат кылганын кошумчалады. Ал ушунчалык көп окшоштуктар кокусунан эмес деп эсептейт.