Кыргыз тилинин көөнөлүгүн сактоо — кечиктирилгис милдет. Мамкатчынын куттуктоосу

Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Эгемен мамлекетибиздин эң башкы белгиси болгон кыргыз тилибиздин көөнөлүгүн, көркөмдүгүн, нукуралыгын сактоо жана анын келечегине кам көрүү, андан ары өнүктүрүү — учурдун талабы жана кечиктирилгис милдет болуп эсептелет. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Марат Иманкуловдун Мамлекеттик тил күнү менен куттуктоосунда айтылды.
Ал мамлекеттик органдардагы документтердин 70 пайызы кыргыз тилинде жүргүзүлүп жатканын белгилеген. Куттуктоодо маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу кыргыз тилин заманбап шартта өнүктүрүү үчүн жасалма интеллект менен жабдылган "АЙТИЛ" порталы иштелип чыкканы айтылат.
"Учурда мамлекеттик органдардагы документтердин 70 пайызы кыргыз тилинде жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик кызматчылардын кыргыз тилин билүүсүн Кыргызтест аркылуу аныктоодо эне тилибиздин колдонуу көрсөткүчү жыл өткөн сайын жогорулап баратканын баса белгилегим келет", — деген мамкатчы.
Ошондой эле мамлекеттик тилге байланыштуу укуктук базаны чыңдоо максатында бир топ ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилгени белгиленген.
Жасалма интеллектинин негизинде "Айтил" платформасы ишке кирди