БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Быйыл кабыл алынган мыйзамга ылайык, жарандар шайлоодо аралыктан добуш берсе болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Мекеме "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдагы өзгөртүүлөрдө буга жол берилгенин белгилеп, аны ишке ашыруу үчүн техника сыналып жатканын маалымдады.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, ар бир жаран онлайн-идентификация аркылуу өзүнүн туруктуу катталган шайлоо участогуна барбай туруп, башка аймактагы шайлоо участогунда добуш берүүгө укук алат.
"Эгер шайлоочу өзүнүн катталган дарегиндеги участокко бара албай калса, эң жакынкы шайлоо участогунан аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок өз шайлоо округунун ичинде башка участоктон добуш берүүгө болбойт", — деп айтылат маалыматта.
Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар да ушул система аркылуу аралыктан добуш берүүгө шарт түзүлөт. Бирок мында эске ала турган бир жагдай бар. Кээ бир кыргызстандыктар чет өлкөдөгү элчиликтерде же консулдуктарда паспорт алып жатып, каттоо дареги катары чет өлкөдөгү жашаган жерин көрсөтүшкөн.
Ошондуктан:
эгер онлайн-идентификация системасында каттоо дареги жок болсо же чет өлкөдөгү дарек көрсөтүлсө, анда шайлоо бюллетени түзүлбөйт же бош чыгат;
ошол себептен БШК мындай жарандарга Кыргызстандын аймагындагы каттоо дарегин жаңыртып коюуну сунуштайт. Ошондо гана алар аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Башкача айтканда, чет жакта паспорт алып жатып чет өлкөдөгү дарегин каттаткандар Кыргызстандагы дарегин калыбына келтирбесе, добуш бере албай калышы мүмкүн.