Алымбек датканын чөбөрөсү, аты чокуга коюлган геолог Муса Адышев тууралуу 9 факт

Sputnik
1907-жылы Курманжан эненин аза зыйнаты өтүп жаткан кезде эки уулу, эки кызы, 30 бир небереси, 57 чөбөрөсү, алты кыбырасы бар эле. Бардык урпактары ошол жылга чейин 183 адам экен, ошонун 85и датканын көз алдында каза болуптур. Совет өкмөтү Алымбек датка менен жубайы Курманжан датканы ири феодол, эзүүчү таптын өкүлү деп айыптап келди. 1924-жылы кеңеш өкмөтү булардын укум-тукумунан 19 адамды өлүм жазасына буйруса, 1937-1938-жылдардагы сталиндик репрессия 22син жок кылды. Улуу баласы Абдылдабек чет элде бала-чакалуу болгону менен алардын жерине келиши үчүн мүмкүнчүлүк берилген жок. Булардын тукуму ата тегин жашырып жүрдү, мамлекеттик жана партиялык кызматтарга тартылбады. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин гана 1991-жылы Алайдын Ак-Босогосунда Курманжан датканын 180 жылдыгы мамлекет башчысынын катышуусунда чоң салтанат менен белгиленди. Даткалардын бир чөбөрөсү Муса Адышев академик, геология боюнча дүйнөгө таанымал окумуштуу, ал 1978-жылы Илимдер академиясынын президенти болуп шайланып, кырк күндөн соң каза болуп калган.
Бул жолу даткалар урпагы, көрүнүктүү окумуштуу тууралуу 9 факт сунуштайбыз.
Ата теги. Алайлык адигинелердин баргы уруусунан. Түпкү атасы Миңсейит. Алардан келип отуруп Тилеке деген баласы баатыр, бий болгон, ал XVII кылымда калмактарга каршы согушуп, Фергана өрөөнүнөн жана Кашкардан баскынчыларды кууп чыгуу иштеринин башында турган. Тилеке баатырдан Ажыбек (Ажы бий). Бул киши да даңазалуу саясий жетекчи, баатыр кол башчы жана ири соодагер болгон. Андан Шаамырза, ал Ошто аким болуп, эл башкарган, анын бир уулу Асан Алайдын атактуу бийи катары Кашкарга, Коконго таанылган. Асан бийдин уулу Алымбек Кокон хандыгынын баш увазири мансабына чейин жеткен көрүнүктүү саясий ишмер, агартуучу жана аскер башчы болгон. Анын аялы Курманжан XIX кылымдагы мамлекеттик ишмер жана акылман эне катары таанылган. Ошолордун тун уулу Абдылдабек. Абдылдабектин бир уулу Мырзапаяз, анын уулу Абдырахман, аны эркелетишип Адыш дечү. Муса 1915-жылы Алай районунун борбору Гүлчө кыштагында туулган. Экиден эми оогондо апасы Айжан каза болот, беш-алты жашында атасы Адышбектен жана чоң атасы Мырзапаяздан ажырайт. Жетим калып тага журтуна Кара-Кулжага кетет, Алайда атасы менен бир тууган Айдар абасынын колунда жүрөт, ал киши да майыптыгы бар, ишке жарабаган адам болгон. Ал мезгилде Алымбек датка менен Курманжан датканын урпактары ата тегин жашырып жүргөн. Мырзапаязович деп калганы да ошондон болушу мүмкүн.
Алгачкы окуу жылдары. Эжеси Жамал 14 жашында күйөөгө кетет, ошондон соң Мусаны Ош шаарындагы балдар интернатына жиберишет да, 1925-жылдан 1929-жылга чейин ошончо белгилүү аталардын уулу жетим катары мамлекеттин болор-болбос көмөгү менен окуйт. Айтуудан интернатта өтүк ултарууну жакшы үйрөнүптүр. Жакшы окугандарды совет өкмөтү андан жогорку окууларга жиберчү, Муса Жалал-Абад педагогикалык техникумуна кирет. Өз кезегинде мыкты окуу жайы болгон бул жердин дипломун 1935-жылы алып, эң таңсык адис катары мектепке мугалим болуп жиберилип, окуу жылын аяктап директорлук милдет жүктөлөт, ошол эле кезде Жалал-Абад райондук комсомол комитетинин мүчөсү, пропаганда боюнча секретарь кылып шайлашат. Андан кийин жолдомолор менен билимин Ташкенттеги Педагогика институтунун даярдоо бөлүмүнөн, 1937-1938-жылдарда Орто Азия финансы-экономикалык институнун жумушчу-дыйкан факультетинен, В.И.Ленин атындагы Орто Азия мамлекеттик университетинен (САКУ) топурак таануу-геология факультетинен улантат.
Курманбектин Экезди сайышы жана Акканга барышы. Эпостон 8 факты
Улуу Ата мекендик согушка катышкан. Ал арада Улуу Ата Мекендик согуш чыгып, аскердик-химия академиясына окууга алышат. 1943-жылы аскер окуу жайын бүтүргөндөн кийин фронттордо химиялык коргонуу багытында командирлик кызматтарда иштеп, Маньчжурияда япондор менен урушка катышат. Бир топ орден-медалдарды алат. Согуштан кийин окуусун улантып, 1947-жылы геолог адистигине ээ болот.
Геология илиминин башатында турган. 1947-жылы СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын Геология институтуна кенже илимий кызматкер катары жумушка орношуп, 1952-жылдан ошол институттун директору катары жетекчилик милдетин улантат. Алгач иш баштаганда республикада эки эле геолог болгон экен: бири — өзү, экинчиси — кийин атактуу ырчы болгон Болот Миңжылкыевдин атасы Абдулла Миңжылкыев. Алгачкы геологдорго уран кендерин изилдөө тапшырылат. 1952-жылы кандидаттык диссертациясын коргойт, 1969-жылы Москвадан коргогон докторлук иши дүйнөлүк окумуштуулардын көңүлүн бурган. Ал кыдырбаган жер, ал изилдебеген тоо-таш калган эмес, кайсы жерде кандай кен байлыгыбыз бар экендигин беш колдой билген. Илимий изилдөөлөрү негизинен Теңир-Тоодогу байыркы доордо пайда болгон чөкмө тоо тектеринин геологиясын, беш элементтин, анын ичинде урандын геохимиясын жана кен байлыктарын изилдөөгө арналган. Кыргызстанда кеңири тараган уран, ванадий, молибден жана алтынга бай көмүртек кремнийлүү сланецтер формациясын аныктоо багытында илимий иш жүргүзгөн. Эл аралык илимий конференцияларга тынымсыз чакырылып турган.
Илим тармагынын уюштуруучусу. СССР Илимдер академиясынын Геология инстутутунун кыргыз филиалына 1953-жылы жетекчи болуп дайындалып, 1954-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясы негизделгенде анын Геология институтунда директор болуп 20 жылдан ашык иштейт, 1974-жылдан академиянын вице-президенти, 1976-жылдан президенти болуп шайланат. Баарын кошкондо бир жерде 30 жылдай иштейт. 14 шакирти докторлук, 104ү кандидаттык диссертацияларын коргогон, бул кыргыз окумуштуулары үчүн рекорддук көрсөткүч деп эсептелет.
Геолог Муса Адышев үй-бүлөсү менен
Жоомарттын балдарына ата болгон. Кыргыздын таланттуу акыны Жоомарт Бөкөнбаев автокырсыктан каза болгон соң анын жубайы Тенти Жунушалиева катуу кайгырып, балдары менен азаптуу күндөрдө калат. Бир топ жылдан кийин бул үй-бүлөгө Муса Мырзапаязович колун сунуп, таланттуу акын жана саясий ишмер эжекенин колун сурап, анан уулдары Кулубекке жана кызы Сыргага ата болот. Мыкты ата болот, экөө тең атактуу окумуштуу катары жалпы кыргызга таанымал инсандар болду. Тенти эже да Адышева деген фамилия алып, Кыргыз эл акыны деген наамга жетти, 1955-жылы Жаныбек аттуу уул төрөп берди, эки жубайы тууралуу "Кылы үзүлгөн комузум" деген эскерүү китебин жазды. Уулу Жаныбек Адышев дүйнөгө таанымал окумуштуу, көп жылдан бери АКШнын Чикаго шаарында Медицина университетинде профессор болуп иштейт.
Мүнөзү, жүрүш-турушу. Муса бала чагынан эле окууга дилгир, эс тутуму мыкты бала болгон. Тамашакөй киши экен. Бир жолу Абакиров, Бакиров, Шакиров жана Садыбакасов деген төрт аспирант диссертациясын коргоого алып кирсе, комиссия үчөөнүн ишин алып, Садыбакасовдун ишин кайра толуктоого кайтарып бериптир. Садыбакасов директор Муса агайына кирип, "эмнеге Абакировдун, Бакировдун, Шакировдун ишин коргоого жиберип, меникин албай коюшту?" десе ал киши тамашага салып, "сенин фамиляң уйкашпайт турбайбы" деп абалдан чыгарган экен. Ушундай тамашалары күчтүү эле дешет. Жаштарга өзгөчө кам көрчү, "кыргыздар өссүн" деп турчу экен. Өң-келбетин, сүрүн Алымбек даткага окшоштурушкан.
Алымбек датканын курагында каза болгон. Муса Адышев 1979-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясына президент болуп шайлангандан 40 күндөн соң жаңы жылдын таңында каза болуп калды. Алымбек датка да болжолу ушундай курагында кутумчулар тарабынан киши колдуу болгон эле... Акын-жазуучулар, өзгөчө Сооронбай Жусуев менен ынак болгон, Алайга келгенде Тенти Адышева экөөнү Ибраим Умаров деген райкомдун биринчи катчысы жубайы Суксур менен өзүнчө боз үй тиктирип, тосуп турчу экен.
Ысымы эл эсинде калсын деп... Муса Адышевдин ысмын Кыргыз Республикасынын УИАнын Геология институту, Ош технологиялык университети, Кара-Кулжа жана Алай районундагы Тар жана Гүлчө сууларынын аралыгындагы кырка тоо жана андагы 4785 метр бийик чоку, Гүлчө менен Бишкектеги бирден көчө жана мектеп алып жүрөт. 2001-жылы ага ардактуу ХХ кылымдагы ири илимий жетишкендиги үчүн алтын медалы ыйгарылат, 2015-жылы анын 100 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленген.
Фантастиканы өнүктүрмөк... Өмүрү кыска жазуучу Беганас Сартов жөнүндө 13 факт