Демократтар Палестинаны таануу жөнүндөгү резолюцияны АКШ Сенатына киргизишти

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Демократиялык партиянын мүчөлөрүнөн турган сенаторлор тобу тарыхта биринчи жолу Америка президентин Палестинаны таанууга чакырган резолюцияны сунушташты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Президентти эл аралык укукка жана эки мамлекет түзүү чечиминин принциптерине ылайык демилитаризацияланган Палестина мамлекетин таанууга чакырабыз", — деп айтылат резолюциянын текстинде.
Аталган документти Орегон штатынын сенатору Джефф Меркли сунуштап, башка дагы алты штаттын сенаторлору колдоого алган.
"Палестина мамлекетин таануу — бул АКШ жасай ала турган практикалык кадам гана эмес, палестиналыктар менен израилдиктер эркиндикте жана коопсуз жашаган келечекти курууга көмөкчү боло турган аракет. Ошол эле учурда бул туура чечим", — деп айтылат Мерклинин билдирүүсүндө.
Эске салсак, ушу тапта Палестина мамлекетин дүйнөнүн 147 өлкөсү тааныйт. Анын ичинде Россия дагы бар. 2024-жылы АКШ Палестинанын БУУга толук кандуу мүчө болушуна вето койгон. Былтыртан бери Палестинаны 10 мамлекет тааныды, алардын арасында Ирландия, Норвегия, Испания жана Армения бар.
Июль айынын аягында Канада премьер-министри Марк Карни өлкө сентябрь айында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясында Палестинаны таанууну көздөп жатканын билдирген. Ушундай эле билдирүүнү Франциянын президенти Эммануэль Макрон да жасаган.
Россиянын позициясына ылайык, маселени жөнгө салууда БУУнун Коопсуздук кеңеши бекиткен формула негизинде гана мүмкүн. Ага ылайык, 1967-жылдагы чек ара менен Палестина мамлекети түзүлүп, анын борбору Чыгыш Иерусалим болушу керек.
Ислам, араб мамлекеттери Израилдин БУУдагы мүчөлүгүн токтотууга чакырык салды