ВДНХдагы “Кыргызстан” павильонуна бир жылда 370 миң адам келген

Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Масштабдуу оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылган Москвадагы “Кыргызстан” павильонуна бир жылда 370 миңге жакын адам барган. Бул тууралуу көргөзмө комплексинин маалымат кызматы билдирди.
ВДНХда жайгашкан бул маданий мурас объектиси 1954-жылы курулуп, 10 жылдан кийин "Биология" экспозициясына айланган. Бирок 1990-жылдары кайра жабылып калган.
“Бүгүнкү күндө тарыхый павильон кайра жаралып, масштабдуу реконструкциядан кийин ачылышынын бир жылдыгын белгилеп жатат. Мында келгендер өлкөнүн маданий жана экономикалык мурастары менен таанышып, түстүү фото аянтчада сүрөткө түшө алышат. Каалоочулар бул жерден Кыргызстанда жасалган буюмдарды, сувенирлерди, кийимдерди жана аксессуарларды сатып ала алышат”, — деп айтылат маалыматта.
Эртең, 19-сентябрда, павильондун мааракесин белгилөө үчүн КР Эл артисти Ырыскелди Осмонкуловдун чыгармачылык кечеси жана камералык концерт өтөт.
Бишкекте II Россия-Кыргыз билим берүү форуму өтөт