БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бүгүн журналист, теле алып баруучу, НТВ телеканалынын маалымат кызматынын башкы редактору Татьяна Миткова 70 жашка чыкканын белгилөөдө. Анын эмгек жолунда миңдеген эфирлер жана көрүүчүлөрдүн арзуусу, сый-урматы турат.
Миткова теле жаатына 17 жашында келип, режиссердун жардамчысынан тартып СССРдин алдыңкы Борбордук телеберүүсүнө чейинки жолду басып өткөн. Кийин НТВ каналынан жүзүнө айландыды. Ыкчамдык, тактык жана адилеттүүлүктү журналисттик кесиптеги негизги принциптер деп эсептейт. Ал эми кесиптештери эфирде өзгөчөлөнгөн жаңы стили, кайсы бир калыптанган эрежелерден тышкаркы өз алдынчалуулугу Миткованы башкалардан айырмалап турганын белгилешкен.
Ал өз ишине берилгендигин эмгек жолунда эчен ирет далилдеди. 2001-жылы НТВдан көптөгөн кызматкерлер кетип калганда Миткова ага кайтып келген. Ушул күнгө чейин эмгектенүүдө. Өлкөнүн тарыхындагы эң татаал окуяларды чагылдырган, алардын арасында эки чечен согушу да бар.
Татьяна Миткова өз ишине берилгендигин эмгек жолунда эчен ирет далилдеди. . Архивдик сүрөт
© AP Photo / MISHA JAPARIDZE
Журналист бүгүнкү күндө НТВ каналынын маалымат берүү дирекциясынын жетекчиси. Бир нече сыйлыктын, анын ичинде ТЭФИ, Достук ордени жана IV даражадагы Ата мекенге кызмат үчүн орденинин ээси.
Дагы бир айтарлык чечимдеринин бири — 2014-жылы Литванын мамлекеттик сыйлыгынан баш тарткандыгы.
Миткова бул кадамга Литванын президенти Даля Грибаускайте "Россия сегодня" агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселёвду тизмеден чыгарып салгандан кийин ага тилектештик көрсөтүү үчүн барган. Ал медалды эки журналист тең 1991-жылдагы Вильнюс окуяларын чагылдыргандыгы үчүн 1994-жылы алышкан.
Миткова — атайын аскердик операцияларды колдогон журналисттердин бири. Канаданын санкциясына илинип калганда "мындан да жакшы иштейбиз" деп билдирген.
Жаш курагына карабастан журналист кесибинен кетүүнү көздөбөйт.
"Өмүр бою телеберүүдө иштедим, андан башка иш колумдан келбейт... Бекерчиликтен зеригип отургандан көрө чарчаганым жакшы", — деген ал.