БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Пекинде Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо менен жолукканда Украинанын коопсуздук кепилдигин камсыз кылуу боюнча мунасага келсе болорун билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Путиндин башка да айткандары:
Украинанын коопсуздугун Россиянын коопсуздугунун эсебинен камсыз кылуу мүмкүн эмес;
Россия Украинанын НАТОго мүчө болушун кабыл албайт, бирок анын Евробиримдикке киргенине ич күптүлүгү жок;
Киев Украинанын инфраструктурасына жасалган соккуга жооп катары Россияга зыян келтирүүгө аракет кылууда. Анын кесепети Москванын өнөктөштөрүнө да тийүүдө.
Ал эми Фицо төмөнкүлөргө токтолду:
"Достук" мунай түтүгүнө чабуул жасоого жол берилбестиги Владимир Зеленский менен жолукканда талкууланат;
Евробиримдик суунун үстүндө эмне болуп жатканын көрбөгөн кудуктун түбүндөгү бака сыяктуу болуп турат;
Украина НАТОго мүчө болбош керек, буга кошулам.
Эске салсак, учурда Путиндин Пекиндеги иш-сапары уланууда. РФ лидери Кытайга төрт күндүк сапар менен барган. Мурдараак ал жерде Россия, Кытай жана Монголия лидерлеринин сүйлөшүүсү өттү.
Путиндин бүгүн да бир катар эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.
Шаршемби, 3-сентябрда, ал Япония милитаристтерине каршы жеңиштин жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга башкы конок катары катышат.