Садыр Жапаров ЖМК тууралуу мыйзамга кол койду

Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Чет элдиктер ЖМК акциясынын 35 пайыздан ашыгына ээлик кыла албайт. Тиешелүү "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 25-июнда кабыл алынган. Ага ылайык, Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаты (ЖМК) расмий катталгандан кийин гана маалымат таратууга укуктуу. Анын иши негиздөөчүсү же соттун чечими менен гана токтотулушу мүмкүн.
ЖМК ишинде төмөнкүдөй негизги эрежелер каралган:
журналисттердин кесиптик ишине жана ЖМК ишмердүүлүгүнө кийлигишүүгө тыюу салынат;
цензурага жол берилбейт;
ЖМКнын маалыматка жетүү укугу мыйзам менен корголот;
маалымат булагын жашыруун кармоого укуктуу, бирок бул укук соттун чечими менен чектелиши мүмкүн.
Ошондой эле Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражатын түзүүдө чет элдик жарандарга жана юридикалык жактарга уставдык капиталдагы акциялардын, үлүштөрдүн, пайлардын 35 пайыздан ашуунуна ээлик кылууга, колдонууга, башкарууга тыюу салынары көрсөтүлгөн, мындан тышкары, ЖМК таратуу жана редакциялык саясат боюнча этикалык стандарттарды сактоого милдеттендирилген.
Мыйзам парламентте кабыл алынып жатканда маданият, маалымат, жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев буга чейин катталган эл аралык ЖМКларга аталган мыйзам таасирин тийгизбесин, анткени мыйзам артка иштебей турганын белгилеген.
Кыргызстанга Тажикстандын журналисттеринен турган делегация келди