БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кремлде Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткоффтун жолугушуусу аяктады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Сүйлөшүү үч саатка жакын созулду. РФ лидеринин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, тараптардын баарлашуусу пайдалуу жана конструктивдүү болду.
“Козголгон темаларга токтоло турган болсок, албетте, украин кризиси каралды. Андан кийин АКШ менен Россиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын келечеги талкууланды”, — деди Ушаков.
Путин Украина маселеси боюнча Америка Кошмо Штаттарына айрым сигналдарды берген. Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптан да тиешелүү сигналдар алынган.
“Учурда биздин президент толук маалыматка ээ, ал эми Трампка бул жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат жете элек. Уиткофф бүгүнкү сүйлөшүү тууралуу качан кабардар кыларын байкап туралы. Ошондон кийин гана мен кебимди дагы толуктай алам”, — деди Ушаков.
Сүйлөшүүлөргө президенттин жардамчысы Юрий Ушаков жана Россиянын Түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев катышты.
Америкалык лидердин атайын өкүлү Москвага бүгүн эртең менен учуп келди. Бул анын 2025-жылдагы Россияга бешинчи сапары. Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Тэмми Брюс буга чейин сапардын чоо-жайына комментарий берүүдөн баш тарткан. Анын айтымында, ведомство Трамп сапардын жыйынтыгы боюнча кандай кадамдарга барарын билбейт. Ал Ак үйдүн башчысы Украинадагы жаңжалдын дипломатиялык жол менен чечилишине дагы деле ишенип жатканын кошумчалаган.