Мэрия Көк-Жар айылында коммерциялык объектилер гана бузулуп жатканын билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бишкектин Көк-Жар айылындагы №172 контурда коммерциялык объектилер гана бузулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн жер амнистиясынын алкагында 37 миң 027 арыздан 21 миң 780и жактырылган.
"Көк-Жар аймагындагы №172 контурда негизинен коммерциялык жана турак жайга кирбеген курулуштар бузулууда. Кечээ шаар кызматтары тарабынан эмерек цехи, картинг аянтчасы, пескоблок чыгаруучу цех, ашкана менен дүкөндүн кире бериш бөлүктөрү, автосервис, ангар жана башка курулуштар буздурулду. Ал эми турак жайы барларга жер тилкесин белгиленген багытка ылайыкташтыруу үчүн мөөнөт берилүүдө", — деп жазылган маалыматта.
Аталган контурда жалпысынан 1 089 жер тилкесинен 209унда гана үйлөр курулганы кошумчаланды. Ал эми 700дөн ашык жер тилкесинде эч нерсе курулган эмес.
Эске салсак, аталган аймакта кечээтен бери мыйзамсыз курулуштарды буздуруу иштери жүрүүдө. Бүгүн жергиликтүүлөр каршылык көрсөтүп, ички жолду тосуп алышкан. Айрымдарын милиция кармап кеткен.
Депутат жер мунапысы боюнча мыйзамды аткарууда коррупция жаралганын айтты