БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Акыркы беш жылда 967 маанилүү социалдык объектилердин курулушу бүттү. Бул тууралуу минкаб башчысы Адылбек Касымалиев курулуш тармагынын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Филармониядагы салтанат өнөр жайдын жетишкендиктерин жана борборубуздун көрүнүшүн өзгөрткөн жаңы курулуштардын көргөзмөсү менен башталды.
Иш-чарада Касымалиев курулушчуларды, архитекторлорду, инженерлерди, өнөр жай ардагерлерин куттуктап жатып, акыркы жылдардагы аталган тармактын ийгиликтерин белгиледи.
"2024-жылы курулуш тармагынын ИДПдагы үлүшү 8 пайыздан ашып, экономиканын бардык тармактарынын ичинен 4-орунду ээледи. 2021-жылдан бери мамлекет курулуш тармагына рекорддук сумма — 170 миллиард сомдон ашык инвестиция салды. Акыркы беш жылда 967 маанилүү социалдык объектилердин курулушу бүттү. 2024-жылы тармактын өсүшү 31,1 пайызды түздү, бул КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң жакшы көрсөткүч. Ал эми 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында курулуштун өсүү темпи 142,5 пайызды түздү", — деди Касымалиев.
Минкаб башчысы курулушчулар Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун, Камбар-Ата-1 ГЭСинин, Үч-Чоку лыжа базасынын, аймактык аэропорттордун жана көптөгөн маанилүү объектилердин курулушуна салым кошууга тийиш экенин белгиледи.
Сөзүнүн акырында Касымалиев курулуш тармагында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ардак грамоталарды тапшырды.