2-августка карата аба ырайы

2-августка караган түнү айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. 2-август, ишембиде, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад облустарында +30...+35, Баткен өрөөнүндө +29...+34, Ысык-Көл кылаасында +23...+28, Нарын жергесинде +22...+27 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +28...+30, Ош шаарында +30...+32 градуска чейин көтөрүлөт.
Ысык-Көлдө "Рух санат" фестивалы башталды. Сүрөттөр