БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Sputnik Азербайжан агенттигинде иштеген Азербайжандын беш жараны сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулганын РИА Новости жазды.
“Sputnik Азербайжандын беш кызматкери тең тышка чыкпоо убадасы менен чыгарылды”, — деп жазылган маалыматта.
30-июнда Азербайжандын Ички иштер министрлиги Sputnik агенттигинин кеңсесине "операция" жүргүзүлгөнүн жарыялаган. Күч кызматкерлери редакциянын башчысы Игорь Картавых менен башкы редактору Евгений Белоусов баштаган жети кишини негизсиз кармап, сот эки жетекчини төрт айга камакта калтырган.
Бул окуяга Кремль да үн катып, РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москва Баку менен түз сүйлөшүүдө россиялык журналисттер бошотулат деп эсептээрин айткан.
Россиянын ТИМи Азербайжандын элчисин чакырып, Бакунун достукка жатпаган аракеттерине байланыштуу нааразылык билдирип, Екатеринбургдагы күч органдарынын аракеттери мыйзамдуу болгонун билдирген. Мекеме россиялык журналисттерди дароо бошотууну талап кылган.
Бүгүн "Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев Sputnik Азербайжандын Бакудагы ишмердүүлүгүн улантууга шарт жок экенин билдирди. Ал агенттиктин ишмердүүлүгү эки элдин достук мамилелерин өнүктүрүүгө, ал эми редакциялык саясат Азербайжан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртууга багытталганын айткан.