Украинада партизандарды кырып, качкан. Британ Чалгын кызматынын башчысынын ата теги

Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Улуу Британиянын МИ-6 Чалгын кызматынын жаңы жетекчиси Блейз Метревелинин чоң атасы — Черинговодо (Украинада) Мясник деген каймана ат менен белгилүү киши нацисттерге көмөкчү болгон. Бул туурасында Daily Mail басылмасына таянып, Sputnik Ближнее зарубежье Телеграм каналы жазды.
Блейз Метревелинин чоң атасы Константин Добровольский Украинада туулган. Кийин 60-жылдары британ паспортун алган.
Улуу Британиянын МИ-6 Чалгын кызматынын жаңы жетекчиси Блейз Метревелинин жана чоң атасы Константин Добровольский
Нацисттердин катарына кошулуу үчүн 1941-жылы августта Кызыл армиянын катарынан качкан. Басылма ал ССтердин танкалык бөлүгүндө кызмат өтөгөнүн германдык Фрайбург шаарындагы архивден тапкан маалыматтарга таянып кабарлаган.
Немецтик жетекчиликке жөнөткөн каттарында (Советтер Союзунда) партизандардын отряддарындагы жоокерлердин, алардын арасындагы жаштардын жана жарадарлардын өмүрүн өз колу менен кыйганын, кырганын мактанып жазган.
ФСБ нацисттер менен элди кырып, кийин башын Батышка батырып кеткендерди ачыктады