БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Украина жоокерлеринин сөөгүн алды. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, Стамбул келишимине ылайык, каза болгон аскерлердин сөөгүн өткөрүп берүү башталды.
"Киевге Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 1212 жоокеринин, Россияга 27 аскердин сөөгү өткөрүлдү. Ал эми оор жаракат алган туткундар менен алмашуу процесси эртең башталат", — деди Мединский.
Эске салсак, Стамбул келишими боюнча Москва менен Киев жоокерлердин сөөктөрүн бири-бирине 7-июнда эле өткөрүп бермек. Бирок ал күнү алмашуу боло турган жерге Украинадан эч ким келбей, процесс белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Ал эми 9-июнда Стамбул келишиминин алкагында 25 жашка чейинки россиялык аскер туткундарынын биринчи тобу Киевдин көзөмөлүндөгү аймактан кайтарылган.