Ташиев Эне-баланы коргоо улуттук борборуна медициналык жабдык тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна медициналык жабдыктарды тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна берилген эндоскоп
Атайын кызматтын төрагасы дарыгерлердин кайрылуусу боюнча балдар эндоскопия бөлүмүнө 16,5 миллион сомдук SonoScape 550 маркасындагы эндоскоп берген.
"Жабдуулар ички органдарды жана ар кандай хирургиялык манипуляцияларды изилдөөгө мүмкүндүк берип, балдардын ар кандай ооруларын дарылоодо медициналык кызматкерлердин ишин жеңилдетет", — деп жазылган маалыматта.
Радио
Сооронбаев: кыргыз медицинасы дүйнөлүк илимий тутумга кириши керек