БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаковдун сунушу менен министрлер кабинетинин тоолуу аймактар тууралуу токтому күн тартибинен алынды.
Эл өкүлдөрү министрлер кабинетинин "Тоолуу аймактарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтом долбооруна макулдук бериши керек болчу. Бирок Өмүрзаков долбоор чийки экенин, депутаттардын мурда айтылган эскертүүлөрү эске алынбаганын айтып чыкты.
"Алайкуу өрөөнүндөгү Ой-Тал айылына барып көрүшсүн. Деңиз деңгээлинен 1746 метр деп жатышат. 10 метр нары чыгышса, 1800 метр болот. Кара-Кулжа районунун Кара-Жыгач айылын тоолуу аймактардын тизмесине кошушса, жанындагы Насирдин айылын кошпой коюшкан. Бул маселелерди эки жыл мурда көтөргөнбүз. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго да айтканбыз. 10 күн мурун минкаб башчысына кат жазгам. Алар начар иштеп, бүгүн эски отчет менен келишти", — деди ал.
Натыйжада Өмүрзаковдун сунушу менен токтом долбоору күн тартибинен алынып, бир жумадан кийин карала турган болду.
Буга чейин "тоолуу аймактар 2000 метрден башталат" деген норма 1800 метрге өзгөртүлгөн. Бирок мыйзам кабыл алынгандан кийин 2000 метр бойдон калып калгандыктан депутаттар комиссия түзгөн.