Бишкек, Чүйдү газдаштырууга жеңилдетилген кезектеги насыялар бериле баштайт

Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкек шаарын, Чүй облусун толук газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо шарты менен 3-долбоор ишке кирди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Анын алкагында 200 миллион сом каралып, 150 миң сомго чейинки насыялар күрөөсүз, үч пайыз менен берилмекчи. Мөөнөтү 12 же 24 ай болорун айтышты.
Долбоордун алкагында жарандар, ишкерлер жана ишканалар насыяны "Айыл банк" менен "Элдик банктан" ала алышат.
Акча газ менен жылытуучу от казандарды орнотуп же сатып алууга, ага керектеле турган материалдарды алууга, курулуш-монтаждоо жумуштарын жасоого берилерин айтышты.
“Газпром Кыргызстан" ишканасынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров быйыл Новопокровка айылына толугу менен көгүлтүр от киргизилип, Эне-Сай, 69 га (Арча-Бешик), Жал, Сарбан, Селекция жана Ак-Босогодо долбоордук иштер жүргүзүлөрүн кабарлаган. Ошондой эле ал 3-4 жылдын ичинде борбор калаа толугу менен газдаштырыларын кошумчалаган.
Радио
Алдаяров: каржы маселесинен улам эл газ киргизе албай калууда