БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Россияда чет элдиктерге медициналык жардам көрсөтүүнүн жаңы эрежелери кабыл алынды. Тиешелүү токтомго РФ премьер-министри Михаил Мишустин кол койгон.
Документке ылайык:
чет элдиктерге чукул кырдаалдарда (капыстан каттуу кармаган оору, кырсык, жаракат, уулануу ж.б.) медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт;
мигрант Россияда милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөн болсо, анда ал акысыз медициналык жардам алууга укуктуу;
медкызматтар келишимдин негизинде акы төлөнүүчү негизде да көрсөтүлүшү мүмкүн;
эл аралык келишимдерде башкача белгиленген болсо, анда ошол келишимдердин эрежелери колдонулат.
Жаңы жоболор 1-сентябрдан тарта күчүнө кирип, алты жыл күчүндө болору кошумчаланган.