Кенже лейтенант Ысмайылбек Таранчиев
Ал 1923-жылы апрелде Фрунзе облусунун Беш-Күнгөй кыштагында (азыр Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылы) дыйкандын бүлөсүндө жарыкка келген. 8 класстык билим алган.
1941-жылы июнда Кызыл Армияга чакырылып, 1943-жылы Валерий Чкалов атындагы аскердик авиация мектебинен учкуч болуп чыгат. 1944-жылдын январынан тарта Улуу Ата Мекендик согушка кирет. Таранчиев Ленинград фронтунун 13-аба армиясынын 277-чабуулчу авиациялык дивизиясынын пилоту болгон.
1944-жылы 26-январда аба чабуулчуларынын тобунун курамында кармашып жүрүп, Тарту аэродромунда душмандын үч учагын өрттөйт. Ушул эле жылдын 18-мартында Ил-2 учагы менен Эстония ССРинин Нарва шаарынын аймагында душмандын коргонуу түзүлүштөрүнө, техникасына, жоокерлерине, темир жолдоруна, аэродромдоруна жана башка объектилерине каршы чабуул коюу үчүн абага 35 жолу көтөрүлгөн.
Бир ирет согуштук тапшырманы аткаруу учурунда Ысмайылбек Таранчиев айдап жүргөн самолет аткылоого учурайт. Кабинада аны менен бирге борт аткычы, кенже сержант Алексей Ткачев болгон. Ысмайылбек 21 жашта, Алексей 19 жашта эле. Жерге аман-эсен коноруна көзү жетпеген Таранчиев учагын май куюу үчүн токтоп турган душмандардын танкаларына буруп, жанындагы Алексейге "Секир!" деп буйрук берген. Бирок "мен акырына чейин сени менен болом, командир. Чогуу өлөбүз, тирүү колго түшпөйбүз" деген жооп алат. Жардыруунун натыйжасында немецтин алты танкасы жана үч бензин ташыгычы жок кылынган... Экөө ошентип баатырдык менен курман болот.
Көп жылдар өткөндөн кийин, 1991-жылы 5-майда, Таранчиевге фашисттик баскынчыларга каршы күрөштө көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылат. Аны менен катар эле I даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл жылдыз ордени, Ленинградды коргогону үчүн медалы менен сыйланган.
Өзү туулган Беш-Күнгөйдөгү көчөлөрдүн бирине ысымы ыйгарылып, Эстонияда Вайвар волостундагы Ил-2 кулаган жерге эскерип туруучу айкел орнотулган. 2015-жылы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Кыргызстанда Ысмайылбек Таранчиев атындагы почта маркасы чыгарылган. 2017-жылдын декабрынан тарта Канттагы Аскер-аба базасындагы Су-25 штурмовиги баатырдын атын алып жүрөт.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.