БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Президент Дональд Трамп АКШнын Экинчи дүйнөлүк согуштагы ролун ашыра баалап жатат. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.
Ал Трамптын Truth Social социалдык тармагына Америка дүйнөлүк согуштарда, анын ичинде Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетүү үчүн башка өлкөлөргө караганда абдан көп иштерди жасады дегенине комментарий берген.
"Эмне үчүн ал Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу мындай деп жазды деген ой кетпей койду. Негизи эле анын ушундай киши, саясатчы жана бизнесмен экени түшүнүктүү. Бардык нерсеге ашкере эмоция менен мамиле кылат, баарын ашырып айтып сүрөттөйт, дайым эле ошондой болчу. Мунусун жашырбайт, дал ушул сапаты менен саясий карьера жасады", — деген Захарова.
ТИМ өкүлүнүн пикирине караганда, АКШ экономикалык, саясий эле эмес, моралдык жактан да терең каатчылыкта турат.
"Ал — нравалык, моралдык, руханий кризис. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө америкалык эл, америкалык улут, америкалык мамлекет өз тарыхын билбейт. Балким, алар өз тарыхын дүйнөлүк географияга караганда начарыраак билишет окшойт", — деп кошумчалады дипломат.
Өткөн аптада Трамп 8-майды Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин күнү деп жарыялап, эки согушта тең "жеңишке жеткенбиз, эч ким бизге күчү, эрдиги жана аскердик чеберчилиги боюнча жакындай алган жок" деген.
Германия, Италия жана Япония чыгарган Экинчи дүйнөлүк согуш 1,7 миллиард кишиси менен 61 мамлекетти камтыган, 55 миллион адам курман болгон.
Улуу Ата Мекендик согушта расмий маалыматтарга таянсак, СССР 27 миллион адамынан айрылган. Бул жоготуулар дүйнөлүк тарыхтын эң кайгылуу барактарынын бири болуп, Советтер Союзунун нацисттик Германияны жеңүүдөгү чечүүчү салымын көрсөтүп турат.
Батыштын бир катар өлкөлөрү тарыхты кайра жазууга аракет кыларын Москва бир нече ирет айтып келет. Путин Россия советтик элдин Улуу Жеңиштеги чечүүчү салымын бекем коргошу керектигин белгилеген.