БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Лахордо (Пакистан) бир нече жарылуу болгонун Samaa TV каналы полициядагы маалымат булактарына таянып кабарлады.
"Гопал-Нагар жана Насирабад райондору жактагы Уолтон аба майданынан алыс эмес шосседе бир канча жарылуунун добушу угулду. Үйүнөн чуркап чыккан кишилер коюу түтүндү көргөнүн айтышкан. Ал эми аэропорттун жанынан аңдуу үчүн учурулган индиялык дронду атып түшүрүшкөн", — деп маалымдаган канал.
Индиянын Коргоо министрлиги 6-майда Пахалгамдагы терактыга жооп кылып "Синдур" операциясын баштаганын жарыя кылган. Чабуул негизинен Пакистандагы "террордук түзүмдөргө" жасалганын, тогуз жай бутага алынганын, алардын арасында аскердик объектилер жоктугун айтышкан.
Пакистан кечээ, 7-майда, 24 киши каза таап, дагы бир тобу жарадар болгонун жазса, ага удаа эле Индия тарап койгон чабуулдардан кийин 70ке чукул пакистандык көз жумганын басылмалар билдирген. Кечкурун индиялык дагы бир сайтка шилтеме кылган РИА Новости "Синдур" операциясынан кийин дагы 15 адам өлгөнүн кабарлаган.
2025-жылдын 22-апрелинде Индиянын Жамму жана Кашмир аймагындагы Пахалгам шаарына жакын жердеги террордук чабуулдан кийин эки мамлекеттин ортосундагы абал көзөмөлдөп өткөрүү постторунда чыңалган. Анда куралчан бир нече адам туристтерди аткылап, индиялык 25 жана Непалдын бир жараны каза болгон.