Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Григорий Шемякин — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган кыргызстандык каарман жоокерлер жөнүндө баяндоосун улантат.
Sputnik
Старшина Григорий Шемякин
Ал 1906-жылы 25-декабрда Пржевальск калаасында (азыр Каракол) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Сегиз класстык билим алгандан кийин мелиоратор (жерди жакшыртуу иштерин жүргүзгөн адис) болуп иштеген.
Кызыл Армияга 1941-жылдын июнь айында чакырышкан. Батыш фронтундагы 16-армиянын 316-дивизиясынын 1075-полкунун аткыч жоокери болгон. 1941-жылы 16-ноябрда Москва үчүн болгон Волоколамск районундагы Дубосеково разъездинин жанындагы кармашта Григорий Шемякин танкаларды талкалоочу топтун курамында болгон. Ал — кан суудай аккан кармашта фашисттердин бир нече чабуулунун мизин кайтарган легендалуу 28 баатырдын бири. Душмандын 50 танкасын алдыга жылдырбай кармаган айыгышкан согушта эр жүрөктүгүн көрсөткөн. Советтик солдаттар 18 танканы жок кылып, көбү баатырдык менен курман болушат. Биз сөз кылып жаткан Григорий Шемякин катуу жарадар болуп, контузия алган.
1942-жылы 21-июлда СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен немецтик баскынчыларга каршы күрөштө согуштук тапшырманы үлгүлүү аткарганы, көрсөткөн баатырдыгы, эрдиги үчүн Григорий Шемякинге Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген.
Согуштан кийин Алматыга келип, өмүрүнүн соңуна чейин ошол калаада жашайт. 1973-жылы 25-октябрда аталган шаарга коюлат. Баатыр Григорий Шемякиндин элесин эскерип туруу максатында Алматынын көчөлөрүнүн бирине ысымы ыйгарылган.
Баатырларга арналган "Двадцать восемь панфиловцев" фильминде Григорий Шемякиндин ролун актер Олег Федоров аткарган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Маалымат үчүн. Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясынын баатырдыгы дүйнөнү дүңгүрөткөн. Ал 1941-жылы июлда Алматыда (Казакстан) түзүлүп, курамына негизинен Кыргыз ССРи жана Казак ССРинен чакырылган жоокерлер кирген. Бул дивизия Москваны коргоо операциясында өзгөчө эрдик көрсөткөн. 1941-жылдын ноябрында, Москва үчүн чечүүчү салгылашуулар жүрүп жатканда, Панфилов дивизиясы Волоколамск багытында душмандын негизги күчтөрүн кармап турган. Дубосеково разъездиндеги кармашта дивизиянын 1075-аткычтар полкунун 4-ротасы өлүмгө тике туруп, немецтердин танкаларын токтоткон. Бул окуя советтик тарыхта "панфиловчу 28 баатыр " катары белгилүү. Алардын ичинде казак, кыргыз, орус жана башка улуттардын өкүлдөрү болгон.
Иван Панфилов 1941-жылдын 18-ноябрында согуш талаасында, Волоколамск аймагында артиллериялык аткылоодо курман болгон. Панфиловдун дивизиясы Москваны коргоодогу эрдиги үчүн 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы деген наамга ээ болгон. Бул бөлүк согуш аяктаганга чейин салгылашып, Берлинге чейин жеткен.
Тарыхчы Саламат Малабаевдин айтымында, немец генералдары эскерүүлөрүндө панфиловчуларды коркуу сезими жок, туткунга түшкөндөн көрө өлүп калалы деген "жапайы аскер" катары сүрөттөшкөн.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Чолпонбай Түлөбердиев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры