Мамархив Жеңиштин 80 жылдыгына карата виртуалдык көргөзмө уюштурду

Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Архив кызматы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган виртуалдык көргөзмө уюштурду. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдалды.
Экспозиция "Биз фашизм менен биргеликте күрөштүк" деп аталып, анда 269 фотодокумент бар. Мындан тышкары, Борбордук мамлекеттик архивдердин фонддорунан, президенттик архивден чогултулган белгилүү маданий ишмерлердин 9 аудиокитеби тиркелген.
Долбоор Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан жана башка бардык өлкөлөрдөн катышкандардын эрдигин эскерүүгө, республиканын 300 миңден ашык ардагерлеринин баатырдыгын даңазалоого багытталган.
Тарыхты баяндаган сүрөт, үн топтомдор менен бул шилтемени басып таанышсаңыз болот.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Ленинграддык партизандар кыргыздарга кат жазып... Сүрөттөрдө калган тарых