Катардагы жоокер Чолпонбай Түлөбердиев
Ал азыркы Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында 1922-жылы 13-апрелде дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Мектептен жети класс билим алып чыгып, Тельман атындагы колхоздо иштей баштайт.
1941-жылы Кызыл Армияга чакырылып, Воронеж фронтунда 6-армиянын 160-аткычтар дивизиясынын 636-полкунда кызмат кылат.
Воронеж облусундагы Селявин-2 кыштагындагы согушта каармандыгы менен айырмаланган. Полкко душман үстөмдүк кылып турган дөңсөөдөгү ок жаадырган жерди жок кылып, ал жактан плацдарм ээлөө тапшырмасы берилет. Бул ишке 9-ротанын өз ыктыяры менен барчу жоокерлери аттанат.
1942-жылы 6-августта 11 жоокерден турган команда жамгырдай жааган октун алдында кайык менен Дон аркылуу бөксө тоодогу тик жарга жетет. Көрүнөө жерден жоокерлер душмандын ок чачкан жерине 30 метрден көп жакындай албай турат. Таластын жүрөгүндө жалы бар, ошондо 20га жаңы толгон уулу Түлөбердиев "мен барам" дейт. Ал дзотту көздөй боортоктоп отуруп, 4-5 метрдей жетпей токтойт да, жардырып жиберүү үчүн эки граната ыргытат. Бирок пулемотту жок кыла албайт. Чолпонбай аларга карай жүгүргөндө оң ийинине ок жеп жыгылат... Жарадар жоокер болгон гранаталарын түгөткөндөн кийин илбирсче секирип барып денеси менен үңүрөйгөн амбразураны жаап, жыгылат... Фашисттердин ажал чакырган куралы саамга унчупай калат. Ушул ирмемдерге Чолпонбайдын майдандаштары ажал бүрккөн пулемотту жок кылат да, стратегиялык мааниге ээ плацдармды ээлейт.
Чолпонбайды урмат менен жүрөк жалтанткан эрдигин жасаган жерге, Лысая гора дөңсөөсүнө коюшат. Аны менен бирге болгон жолдоштору жана командирлери мүрзөгө жыгачтан эстелик коюшуп, "Сага, кыргыз элинин баатырына, түбөлүк даңк! Элдин ишенимдүү уулу Түлөбердиев Ата Мекендин даңкына эрдиги менен өзүн жана элин өлбөс-өчпөс даңкка бөлөдү!" – деп сыя калем менен жазышкан. Батальон комиссары Виктор Мурадян "Боевая тревога" гезитине анын эрдигин сүрөттөп, жүрөккө жеткидей кылып баяндаган.
Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин Бишкектеги эстелиги
1943-жылы 4-февралда СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн курман болгондон кийин Чолпонбай Түлөбердиевге Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган.
Киндик каны тамган айылына Чолпонайдын ысымы берилет. Көчөлөрдүн бирине аты ыйгарылып, баатырдын үч метрлик скульптурасы орнотулуп, музейи ачылат. Бишкек шаарында да Чолпонбай Түлөбердиев атындагы көчө жана сейил бак бар. Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарындагы, Россиядагы Селявин жана Давыдовка айылдарындагы мектепке баатырдын ысымы ыйгарылган. Бишкек жана Россиядагы Воронеж облусуна караштуу Лиска шаарындагы Баатырлар аллеясына бюсту, эстелиги коюлган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.