Коргоо министри Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов баш болгон министрликтин жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктаганын ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Коргоо министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

2 / 4

Куттуктоо өлкөнүн бардык аймактарында өттү

3 / 4

Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун мекендеш кетип, алардын 160 миңден ашууну согуштан кайтып келген эмес

4 / 4

Согушка кеткен кыргызстандыктардын жарымынан көбү медаль жана ордендер менен сыйланган, 74 кыргызстандык СССР Баатыры, ал эми 26сы Даңк орденинин толук кавалери болгон

Билдирмеге караганда, Бишкектеги алты ардагерге министрликтин аскердик-көрсөтмө оркестри, Улуттук гвардиянын ардак кароол ротасынын аскерлери концерт тартуулап, мындай куттуктоо башка аймактарда болгон.
Министрликтин маалыматы боюнча, 360 миңден ашуун мекендеш Улуу Ата Мекендик согушка кетип, алардын 160 миңден ашууну согуштан кайтып келген эмес. Жарымынан көбү медаль жана ордендер менен сыйланган, 74 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры, ал эми 26сы Даңк орденинин толук кавалери болгон.
Быйыл Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын Кыргызстанда согуштун 14 катышуучусу белгилейт.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Беларустан Берлинге чейин жеткен. Согуштун ардагери Апыла Жаманбаевди эскерүү