Катардагы жоокер Григорий Петренко
Ал 1909-жылы 22-ноябрда Украинадагы Черныши кыштагында (азыр Черкас облусу, Украина) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Мектепте баштапкы билим алып, андан соң колхоздо иштейт.
1933-жылы Соликамск шаарына барып, андан соң Кыргызстандын Прежевальск шаарында, кийин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сазоновка кыштагында жашап, иштеп калган.
Петренкону 1941-жылдын июль айында Кызыл Армияга чакырышат да, фронтко жөнөтүшөт. Батыш фронтто 16-армиянын 316-аткычтар дивизиясынын 1075-полкундагы 2-батальондун 4-ротасында фашисттерге каршы согушат.
1941-жылы 16-ноябрда Москва үчүн болгон Волоколамск районундагы Дубосеково разъездинин жанындагы кандуу кармашта катардагы жоокер Григорий Петренко танкаларды талкалоочу топтун курамында туруп кармашып, немецтердин бир канча чабуулунун мизин кайтарган легендалуу 28 баатырдын бири болгон. Душмандын 50 танкасын алдыга жылдырбай кармаган айыгышкан согушта кайратын, эр жүрөктүүлүгүн, каармандыгын көрсөткөн. Советтик солдаттар 18 танканы жок кылып, баатырдык менен курман болушат. Анын ичинде биз сөз кылып жаткан Григорий Петренко да болгон. Бул жоокерлердин эрдиги тарыхта калды.
1942-жылы 21-июлда СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен немецтик баскынчыларга каршы күрөштө согуштук тапшырманы үлгүлүү аткарганы, көрсөткөн баатырдыгы, эрдиги үчүн Григорий Петренкого курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген. Сөөгү ошол күндөрү Дубосеково разъездиндеги Боордоштор мүрзөсүнө жашырылат да, кийин курман болгон башка жоокерлердин сөөгү менен кошо Нелидово мүрзөсүнө кайра көмүлгөн.
Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия проспектине (Баатыр кыргызстандыктардын аллеясы) Григорий Петренконун бюсту жана мемориалдык тактасы орнотулган. Алар коргогон Москва шаарында панфиловчулардын урматына көчө аталып, монумент орнотулган. Дубосековонун жанында мемориал турат. Нелидово аймагында разъезддин жанында эстелик тургузулуп, панфиловчу жоокерлердин ачык музейи бар.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Маалымат үчүн. Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясынын баатырдыгы дүйнөнү дүңгүрөткөн. Ал 1941-жылы июлда Алматыда (Казакстан) түзүлүп, курамына негизинен Кыргыз ССРи жана Казак ССРинен чакырылган жоокерлер кирген. Бул дивизия Москваны коргоо операциясында өзгөчө эрдик көрсөткөн. 1941-жылдын ноябрында, Москва үчүн чечүүчү салгылашуулар жүрүп жатканда, Панфилов дивизиясы Волоколамск багытында душмандын негизги күчтөрүн кармап турган. Дубосеково разъездиндеги кармашта дивизиянын 1075-аткычтар полкунун 4-ротасы өлүмгө тике туруп, немецтердин танкаларын токтоткон. Бул окуя советтик тарыхта "панфиловчу 28 баатыр " катары белгилүү. Алардын ичинде казак, кыргыз, орус жана башка улуттардын өкүлдөрү болгон.
Иван Панфилов 1941-жылдын 18-ноябрында согуш талаасында, Волоколамск аймагында артиллериялык аткылоодо курман болгон. Панфиловдун дивизиясы Москваны коргоодогу эрдиги үчүн 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы деген наамга ээ болгон. Бул бөлүк согуш аяктаганга чейин салгылашып, Берлинге чейин жеткен.
Тарыхчы Саламат Малабаевдин айтымында, немец генералдары эскерүүлөрүндө панфиловчуларды коркуу сезими жок, туткунга түшкөндөн көрө өлүп калалы деген "жапайы аскер" катары сүрөттөшкөн.