БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Талас аймагында +25...+30, Ысык-Көл өрөөнүндө +21...+26, Нарын жергесинде +23...+28 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +33...+35 градуска чейин көтөрүлөт.