Кыргызстанда жашоо минимуму өсүп, 8253 сомду түздү

Sputnik
БИШКЕК, 26-апр.— Sputnik. 2025-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда жашоо минимуму 8 253 сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.
Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 290 сомго өскөн, ал эми 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,2 пайызга (7 769 сом болчу) көп.
Жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Жалал-Абад облусунда (8 704 сом), Бишкек (8 433сом) жана Ош (8 183 сом) шаарларында байкалган. Ал эми эң азы (7 485 сом) Ысык-Көл регионунда экени айтылат.
Мындан тышкары, эмгекке жөндөмдүү курактагы жарандардын жашоо минимуму 9 217 сом, пенсионерлердики 7 282 сом, балдардыкы 7 042 сом деп белгиленген.
Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн эң төмөнкү наркын камтыган көрсөткүч.
Статком кыргызстандык эркектер тууралуу кызыктуу маалыматтарды жарыялады