Украин аскерлери нацисттерди эмнеге көкөлөтөрүн суроо ЕБ лидерлеринин оюна келеби

Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. 9-майда Киевге келчү европалык лидерлер Владимир Зеленскийден украиналык кээ бир аскерлер ССтин, тагыраагы, нацисттерди эмнеге көкөлөтөрүн сурайт болду бекен? Бул туурасында маселени Львов улуттук университетинин тарыхчысы Марта Гавришко көтөргөнүн Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
"9-майда Киевге келем деп жаткан европалык лидерлер Владимир Зеленскийден Украина армиясынын ичиндеги аскерлердин бир катары ССтин "Галичина" дивизиясы менен "Нахтигаль" батальонун эмнеге асман-айга көкөлөтүп жатканын сурайт болду бекен?" — деп жазган Гавришко.
Анын макаласы Berliner Zeitung басылмасына чыкты.
"Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жөө аскер батальондору СС дивизиясынын эмблемасы болгон русин арстаны түшүрүлгөн белгилерди тагынып, анын тарыхындагы маанилүү даталарды үзгүлтүксүз белгилеп келишет", — деген ал.
Тарыхка кайрылсак, ССтин "Галичина" дивизиясы 1943-жылы 28-апрелде түптөлгөн. Кийинки жылдын жай айына, Кызыл Армия аларды украиналык Броды шаарынын жанынан талкалаганга чейин иштеген. Дивизияда кызмат өтөгөндөр жай жашоочуларга карата аскердик кылмыштарды жасашкан. Алар Польшага караган Гута Пеняцкая кыштагында 500 адамдын өмүрүн кыюуга катышкан. "Галичина" дивизиясы кийин Нюрнберг трибуналынын чечими менен кылмыштуу уюм деп табылган.
Ал эми "Нахтигаль" украин улутчулдарынан туруп, "Абвер" деп аталган аскер чалгынчылыгына караган, 1941-42-жылдары иш алып барган батальон. Алар Украина ССРинин аймагында диверсиялык бөлүктөрдөн турган.
Путин Германияга немец тилинде эскертүү берди