Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Николай Зверев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

Сержант Николай Зверев
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан чыккан каарман адамдар тууралуу баяндоосун улантат.
Sputnik
Сержант Николай Зверев
Ал 1921-жылы 19-декабрда Кыргыз АССРинин (РСФСР жана СССРдин курамында 1920-1925-жж. болгон казак автономиясы) Акмоло шаарында (азыркы Астана калаасы ) туулган. 1930-жылдары ата-энеси менен Кыргыз ССРинин (республика бул аталыш менен 1936-жылы түзүлгөн — ред.) Токмок шаарына көчүп келип, 7 класстык билим алып, басмаканага ишке кирген.
1941-жылы апрелде Чүй райондук аскер комиссариаты тарабынан Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясында чакырылып, Воронеждин алдында кызмат өтөйт. 1941-жылдын июнунан тарта Улуу Ата Мекендик согушка кирет.
Сержант Зверев 1943-жылы 29-сентябрда өзүнүн взводу менен Глушец (Лоев району, Гомель облусу) кыштагынын жанында Днепрден кечип өтүп, душмандын траншеясын басып алып, 15 аскерин жок кылган. Жаракат алып, бирок согуш талаасын таштап кеткен эмес.
1946-жылы февралда согуштан кайткан.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун "Кызыл армиянын генералдарына, катардагы аскердик, сержанттык, офицердик курамдарына Советтер Союзунун Баатыры наамын ыйгарүү жөнүндөгү" жарлыгы менен 1944-жылы 15-январда "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта, Днепрди кечип өтүүдө командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" гвардиянын сержанты Николай Зверевге Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген. Аны менен катар эле Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы менен сыйланган.
Сержант Николай Зверев
Сержант Николай Зверев
Сыйлыктар согуштан кийин, 1949-жылы 13-октябрда Зверев Шадрин шаардык өнөр жай комбинатында слесарь-инструментальщик болуп иштеп жатканда тапшырылган.
1946-жылдан тарта Целинограддын административдик чарбалык иштеринде иштеген. 1985-жылы Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени жана медалдар менен сыйланган.
Николай Зверев 1991-жылы 14-мартта көз жуумп, Шадринскидеги Васильев көрүстөнүнө коюлган. 1999-жылы Свердлов, 83 көчөсү дарегиндеги ал жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана https://warheroes.ru/ "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Дайыр Асанов — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры