Кызыл армиячы Николай Ананьев 1912-жылы Ысык-Көлдүн Сазановка (азыр Ананьево — ред.) айылында дүйнөгө келген. Улуту — орус.
1941-жылдын июлунда Ананьев аскерге, Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясынын катарына чакырылат да, Алма-Атада генерал-майор Иван Панфиловдун жетекчилигинде түзүлгөн 316-аткычтар дивизиясына (316 СД) кирет. 1941-жылдын августунда дивизиянын курамынан Новгороддун алдына, Батыш фронтуна резервдеги 52-армиянын курамына жөнөтүлөт. 27-августта дивизия Боровичиге келип түшүп, сентябрдын сегизинде армиянын экинчи эшелонунан орун алат.
1941-жылдын 6-октябрында 316-аткычтар дивизиясы Москванын алдына которулуп, Москва аскер округунун жетекчилиги алдында бекемделген Волоколамск районуна жайгашат. Бир жумадан соң кайрадан түзүлгөн Батыш фронтунун курамына кирип, Львовдун аймагынан Болычево совхозуна чейин созулган 41 чакырымдык коргонууга турат.
Аталган дивизия алган коргонуунун бир эшелондук бөлүгү 1941-жылдын 15-октябрында германиялык аскерлердин Москвага чабуул койгон тилкеси болгон.
316-аткычтар дивизиясы 1941-жылдын 16-ноябрында Дубосеководо айыгышкан кармаш жүргүзгөн. Танкаларды талкалоочу аскерлердин курамындагы катардагы жоокер Ананьев бир топко созулуп кеткен согушта 50 танкадан турган душмандын чабуулунун мизин кайтарып, фашисттердин чабуулуна төрт саат туруштук берип жана аны менен катар эле душмандын 18 танкасын, бир нече жүз аскерин жок кылып, каршылашты Москвага киргизбей башка куралдаштары менен кошо кан суудай аккан алааматта курман болгон... Бул эрдик тарыхта 28 панфиловчу жоокердин эрдиги деп аңыз болуп айтылып калды. Ананьев Москва облусунда Волоколамск районундагы Нелидово кыштагындагы Боордоштор мүрзөсүнө коюлган.
1942-жылы 21-июлда СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен немецтик баскынчыларга каршы күрөштө согуштук тапшырманы үлгүлүү аткарганы, көрсөткөн баатырдыгы, эрдиги үчүн Николай Ананьев курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамына татып, Ленин ордени менен сыйланган.
Маалымат үчүн. Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясынын баатырдыгы дүйнөнү дүңгүрөткөн. Ал 1941-жылы июлда Алматыда (Казакстан) түзүлүп, курамына негизинен Кыргыз ССРи жана Казак ССРинен чакырылган жоокерлер кирген. Бул дивизия Москваны коргоо операциясында өзгөчө эрдик көрсөткөн. 1941-жылдын ноябрында, Москва үчүн чечүүчү салгылашуулар жүрүп жатканда, Панфилов дивизиясы Волоколамск багытында душмандын негизги күчтөрүн кармап турган. Дубосеково разъездиндеги кармашта дивизиянын 1075-аткычтар полкунун 4-ротасы өлүмгө тике туруп, немецтердин танкаларын токтоткон. Бул окуя советтик тарыхта "панфиловчу 28 баатыр " катары белгилүү. Алардын ичинде казак, кыргыз, орус жана башка улуттардын өкүлдөрү болгон.
Иван Панфилов 1941-жылдын 18-ноябрында согуш талаасында, Волоколамск аймагында артиллериялык аткылоодо курман болгон. Панфиловдун дивизиясы Москваны коргоодогу эрдиги үчүн 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы деген наамга ээ болгон. Бул бөлүк согуш аяктаганга чейин салгылашып, Берлинге чейин жеткен.
Тарыхчы Саламат Малабаевдин айтымында, немец генералдары эскерүүлөрүндө панфиловчуларды коркуу сезими жок, туткунга түшкөндөн көрө өлүп калалы деген "жапайы аскер" катары сүрөттөшкөн.