2-мартка карата аба ырайы

2-мартка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. 2-мартта республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +6...+11, Талас жергесинде +4...+9, Ош, Жалал-Абад облустарында +8...+13, Баткен аймагында +7...+12, Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө +2...+7 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +9...+11, Ош шаарында +10...+12 градуска чейин көтөрүлөт.
АКШнын Борбор Азиядагы жаңы саясаты. Регион таасир этчү куралга айланабы?