БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева мандатын тапшырды. Бул тууралуу БШКнын жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, анын ордуна "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан Гүлсүнкан Жунушалиева келет. БШК ага күбөлүк жана депутаттын эн белгисин тапшырды.
Гүлсүнкан Жунушалиева юридикалык илимдин магистри. Философия илимдеринин кандидаты, Эл агартуунун отличниги.