БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Украинанын Евробиримдиктеги элчиси Всеволод Ченцов союздун айрым өлкөлөрү Россияга каршы санкцияларды, айрыкча металлургия өнөр жайындагы чектөөлөрдү катаалдатууга каршы болуп жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Алар (ЕБдин айрым өлкөлөрү — ред.) 2028-жылга чейин металлургия комплексинин айрым продукциялары үчүн санкциялык режимди киргизбей коюуга жетишишти. Биз бул мөөнөттү жана Россия Федерациясы экспорттой ала турган продукциянын көлөмүн кыскартууга болгон аракетибизди көрүп жатабыз", — деген элчи.
Ченцов россиялык компаниялар европа рыногундагы үлүшүн көбөйтүп жатканына нааразы болду.
"Колдогу маалыматтарга караганда, минералдык жер семирткич өндүрүү багытында эле инвестиция төрт эсе көбөйгөн. Рыноктун шартына оңой ыңгайлашып, продукциянын сапатын жогорулатып жатышат", — деген дипломат.
Эскерте кетсек, Россия санкциялык кысымга туруштук бере аларын дайым айтып келген. РФ президенти Владимир Путин Россияны алсыратып ооздуктоо саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, санкциялар дүйнөлүк экономикага катуу сокку болгонун билдирген эле. Анын айтымында, Батыштын негизги максаты — миллиондогон кишинин жашоо-турмушун начарлатуу. Мындан тышкары, Батыш мамлекеттеринин өзүндө да санкциялардын майнапсыздыгы тууралуу көп айтылган.