Сербия жана Швейцария Путин менен Трамптын жолугушуусун уюштурууну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Сербия президенти Александр Вучич Россия менен АКШнын лидерлери Владимир Путин жана Дональд Трамптын жолугушчу жери катары өз өлкөсүн сунуштады. Бул тууралуу мамлекеттин жетекчиси TV Pink эфиринде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Россия менен АКШ президенттеринин жолугушчу жери катары Сербияны биринчи жолу сунуштап жатам. Эмне үчүн? Себеби Сербия айрым мамлекеттердей болуп аскерий блоктордон кагаз жүзүндө эле тыш эмес, чындап НАТОго да, ЖККУга да аралашпайт. Сербия — өз алдынчалуу, көз карандысыз мамлекет, эки президентке тең коопсуздугун кепилдей алууга кудурети жеткен өлкө", — деген Вучич.
Анын айтымында, Россия менен АКШ президенттери серб элинин жылуу мамилесине арзыган.
"Трампты колдоо жагынан бир да өлкө Сербияга тең келе албайт. Ошол эле учурда бизде Путиндин кадыр-баркы абдан чоң. Демек, Сербия — эки лидерге тең ылайык келген дүйнөдөгү жалгыз мамлекет", — деген өлкө башчы.
Эки президентти кабыл ала аларын Швейцария да айтып чыкты. Өлкө ТИМинин коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Николя Бидо Берн Украинада тынчтык орнотуу боюнча Москва менен да, Вашингтон менен да, Киев менен да эч кандай байланыш түзбөгөнүн билдирди.
Жума күнү Трамп Путин жолугушуу ниетин билдиргенин, тараптар бул маселе боюнча иштеп жатышканын айткан. Кечээ анын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц жолугушууга даярдык башталганын белгилеп, так убактысын көрсөткөн эмес.
Өз кезегинде Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков мындай жолугушуу АКШ президенти кызматына расмий киришкенден кийин гана уюштурула башташы керектигин билдирген. Анткен менен Москва Трамптын диалог түзүү каалоосун колдой турганын, президенттердин жолугушуусу үчүн эч кандай алдын ала сүйлөшүүнүн зарылдыгы жок экенин, бул үчүн эки тараптын каалоосу жана саясий эрки жетиштүү экенин айткан.
Декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында Владимир Путин Американын жаңы лидери менен жолугушууга даяр экенин, эгер ал ишке ашып калса экөөнүн сүйлөшө турган сөзү болорун билдирген болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Россияны Украинанын мурунку жерлеринен сүрүп чыгаруу мүмкүн эмес деп эсептейт