Президент абактарда эксперименттик режим колдонууга жол ачкан мыйзамга кол койду

Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. – Sputnik. Президент Садыр Жапаров түзөтүү абактарында жаза өтөөнүн эксперименттик режимин колдонууга жол ачкан мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
“Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамды 2024-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңеш үч окуудан кабыл алган.
Негизги ченемдери:
жалпы режимдеги түзөтүү абактарында жаза өтөөнүн эксперименттик режими болот. Ага ылайык, обочолонгон участок түзүү мүмкүнчүлүгү каралган. Мунун баары ведомстволук актылар менен аныкталат;
соттолгон адам бойго жете элек баласынын жалгыз ата-энеси болуп эсептелсе, баласы менен жолугуу үчүн белгилүү мөөнөткө абактан тышка чыгууга укук берилет;
соттолгон адамдын жалпы билим алуу укугун ишке ашыруу максатында бир мекемеден экинчи мекемеге которуу мүмкүнчүлүгү каралат;
өзгөчө режимдеги мекемелерде жазасын өтөп жаткан соттолгондор үчүн акы төлөнүүчү жумушчу орун түзүү каралат;
соттун чечими менен түрмөгө которулганда жазанын мөөнөтүн жана шарттуу эрте бошотуу мөөнөттөрүн эсептөө үчүн эрежелер белгиленет.
Жапаров абактагылар тинтилип, ур-токмокко алынды деген кептерге жооп берди