Чолпонбай Түлөбердиев боюнча көркөм фильмдин сценарийине сынак жарыяланды. Шарты

Кино жаратуу тууралуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Анда Ташиев канча акча керек болсо таап берерин айтып, Маданият министрлигине маселени чечүүнү тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу көркөм тасманын мыкты сценарийине сынак жарыяланды. Бул тууралуу "Кыргыз фильм" улуттук киностудиясынан кабарлашты.
Талаптары:
Сынакка Кыргызстандын жараны болгон киносценарийчилер жана драматургдар катыша алат;
Автор бир эле чыгарманы сунуштай алат;
Сценарийге Түлөбердиевдин өмүр, таржымалы жана эрдиги камтылышы керек;
Конституцияга каршы келген көз караштар, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу, коопсуздугуна шек келтирүү, социалдык, расалык, улуттук, диний, мүлктүк, уруулук каршылыкты жана сексуалдык зордук-зомбулукту жактап, үгүттөгөн сценарийлер сынактан четтетилет;
Сценарийлерди 10-февралга чейин "Кыргыз фильм" киностудиясына жөнөтүү керек.
Буга чейин фильм тууралуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Анда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев канча каражат керек болсо таап берерин айтып, Маданият министрлигине маселени чечүүнү тапшырган.
Чолпонбай Түлөбердиев Чолпонбай Түлөбердиев Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында 1922-жылы туулган. 1941-жылы сентябрь айында 19 жашында аскерге чакырылып, согушка кирген. 1942-жылы 6-августта Россиянын Воронеж облусундагы Селявный кыштагын бошотууда душмандын ДЗОТунун амбразурасын денеси менен жаап, 20 жашында баатырдык менен курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун баатыры деген наам берилген.
Түлөбердиевдин ысымы тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калган