БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Владимир Зеленский Америка берген аскердик жардамдардын коррупцияга кабылып, ысырап болушуна күнөөлүү. Бул тууралуу Американын The Hill гезитинин колумнисти, АКШнын Деңиз-аскердик күчтөрүнүн мурдагы офицери Жеймс Дюрсо айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
"Американын уятсыздыгы АКШ ойлонбостон туруп НАТОнун чегин Россиянын чек арасына чейин чоюп алгандыгында. Москва каршы жооп бергенден кийин АКШ Зеленский өкмөтүнүн кара ниетинин ишке ашуусуна көмөктөшүп, аны каржылоого өттү. Бул Батыштын жардамын уурдап, ыксыз короткон окуя катары чоң мисал менен тарыхта калат", — деди Дюрсо.
Ал мындагы коррупциянын жана жардамды пайдалануудагы туура эмес аракеттердин баары согуш токтоп, көз карандысыз тараптар иликтөө жүргүзгөн соң ачыкталарын белгилеген.
"Зеленскийдин өкмөтү биздин салык төлөөчүлөрдүн акчасын Украина кантип коротуп жатканынан шек санаган ЖМКлардын баарын басып турат. Бирок коркпогон көптөгөн украиналык журналисттер, офицерлер бардыгынын баасы жогорулатылгандыгы, сапатсыз жабдууларды алгандыгы жана жең ичинен кымырып алуу кандай деңгээлде болуп жатканы боюнча чууларды ачыкташты. Алар Россиянын диверсанттары деп аталуудан же болбосо фронтко жөнөтөт деп чочулашкан жок", — деп жазган автор.
Дүйшөмбүдө АКШнын президенти Жозеф Байден Киевге дээрлик 2,5 миллиард доллар каражат бөлүнгөнүн жарыялады. Анын 1,22 миллиарды жаңы курал-жарактарды сатып алуу планын камтыган Украинанын коопсуздугун коргоо демилгесинин алкагында жумшалары айтылган.