Финансы министрлиги: 2025-жылдын бюджети 24,3 млрд. сом профицит менен бекиди

Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. 2025-жылы бюджетте 24,3 миллиард сом профицит болот. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматта аталган профицит пландоого жана туруктуу өнүктүрүүгө багытталган салмактуу мамилени көрсөтүп турганы белгиленген.
"Келе жаткан жылда бюджеттин кирешеси 430,2 миллиард сом, чыгашасы 405,9 миллиард сомду түзөт. Бюджет 24,3 миллиард сомдук профицит менен бекитилип, бул пландоого жана туруктуу өнүктүрүүгө багытталган салмактуу мамилени көрсөтүп турат. Бюджеттик саясаттын негизги максаты жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат. Саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт тармактарын колдоо үчүн социалдык программаларга өзгөчө көңүл бурулат. Мамлекеттик ипотека программасы аркылуу жарандарды турак жай менен камсыз кылуу иштерине да басым жасалат", — деп айтылган маалыматта.
Ошондой эле инфраструктураны жакшыртууга жана улуттук долбоорлорду ишке ашырууга ири суммада каражат бөлүнүп, экономикалык өсүшкө дем берилери кошумчаланган.
Кыргызстан ЕАЭБге кирген 9 жылда эмнеге жетишти? Жыйынтыкка сереп