БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. "Азербайжан аба жолдорунун" Embraer-190 учагы Россиянын аймагынан Грозный шаарына жакын жерде аткыланып, учкучтар аны башкара албай калгандыктан кырсыктаган. Бирок аткылоо атайылап жасалган эмес. Бул тууралуу Азербайжан президенти Илхам Алиев AzTV телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Учак Россиянын аймагынан атайылап аткыланган эмес", — деген өлкө башчысы.
Анын айтымында, кулаган учактын фюзеляжына ок тийгени көрүнүп турат, бул факт аба кемеси куштардын тобуна урунган деген версияны толугу менен четке кагат.
Анткен менен президент кырсыктын так себеби кара кутулар ачылгандан кийин даана билине турганын белгилеген.
Эскерте кетсек, кечээ РФ президенти Владимир Путин Илхам Алиев менен телефондон сүйлөшүп, трагедиялуу окуя Россиянын аба мейкиндигинде болгондугуна байланыштуу кечирим сураган.
Сүйлөшүүдө Азербайжандын учагы Грозный аэропортуна бир нече жолу конууга аракет кылганы белгиленген. Бул учурда Грозныйга, Моздокко жана Владикавказга украиналык учкучсуз учактар чабуул жасап, россиялык абадан коргонуу системалары мизин кайтарган.
Факт боюнча Россиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси ("Аба транспортунун кыймылынын жана эксплуатациясынын коопсуздугунун эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш ишин козгоду. Алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлүп, жарандык жана аскер адистери суракка алынууда.