Словакия депутаты: Зеленскийдин мынчалык шагы сына элек болчу

Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Европарламенттеги Словакиянын депутаты Любош Блага аталган өлкөнүн премьер-министри Роберт Фицонун Москвага келишин Зеленскийдин текебердигине берген жообу деп атады. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
"Зеленский өзүнүн бой көтөргөндүгү үчүн мындан күчтүү нерсеге тушуккан эмес эле", — деген Блага.
Эл өкүлү эки өлкөнүн мамилесине токтолуп, тарыхый окуяларды эске салган.
"Россия бизге душман эмес, алар менен согушпайбыз, тескерисинче, Россияга словак элинин сый-урматы күчтүү", — деп Блага Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы фашизм менен болгон күрөштө бир дагы улут орустарчалык жабыркабаганын белгилеген.
Депутат өкмөт башчынын геосаясаттагы кадамына баасын берди.
"Роберт Фицо Батыш менен Украинага башын ийбегени үчүн аз жерден курман болуп кала жаздады. Моюн берген жок, баа бердим! Батыштын вассалы болууга макул эмеспиз. Брюсселдин ышкырыгы менен бийлеп жибербейбиз. Орустарга болгон жек көрүүчүлүктү кабыл албайбыз, согушту жерийбиз", — деген Блага.
Сийярто Россия менен Венгриянын энергокызматташуусуна комментарий берди