БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Владимир Путин технологиялык дуэль боюнча "Орешникти" алсыз дегендерге жооп иретинде айтканын анын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Путин жыл жыйынтыктаган маалымат жыйында Батыштагы айрым эксперттердин "Орешникти" атып түшүрүү мүмкүн" деген билдирүүлөрүнө жооп берип жатып, аларга жогорку технологиялык эксперимент жүргүзүүнү сунуштаган.
Песков Россия лидеринин айткандары боюнча журналисттерге жооп берди.
"Бул суроого жооп болду. Батыштагы айрым эксперттер бул куралды атып түшүрсө болорун айтышкан", — деген Песков.
Маалымат катчы "Орешник" азыркы аскердик техникадан бир муун алдыда экенин жана ал өзөктүк мүнөздө эмес экенин белгиледи. Песков системаны технология жаатындагы революция деп атаган.
"Орешник" — россиялык ойлоп табуучулар жасаган жаңы курал. Путин бул куралды атып түшүрүү мүмкүн эместигин эскертип, 5,5 миң чакырымга чейин жетерин белгилеген.